Орусияда мигранттардын массалык мушташына 15 Кыргыз жараны катышкан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө

Кечээ, 2-январда Орусиянын Текстильщики районунда Кыргыз-Өзбек мигранттарынын ортосунда жаңжал чыкканын аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышкан.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда.
"Москва полиция кызматы менен өз ара аракеттенүү уланууда. РИИБге 15 Кыргыз жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен Кыргыз Республикасынын бир жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү.
Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт", - деп билдиришти элчиликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.Kyrgyzstan
2022-01-03 11:06:46
Саяк жүрсөң таяк жейсиң дейт айланайын жаштар эсиңер менен болуп бөтөн жерде тынч эле оокатыңарды кылсаңар эмне
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан