Ырчы, телеалпаруучу Сагын Эргешовдун атасы каза болду

Ырчы, телеалпаруучу Сагын Эргешовдун атасы каза болду. Бул тууралуу Алтынай Нарбаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Ажал улук, ак экен. Узак оору менен алышып, баары бир шум ажал Сагын Эргешов уулубуздун атасы, Эргеш атабызды алып кетти. Сагын балам, терең кайгыруу менен жаныңдамын, абдан аракетиң күч болду, операция да жасаттың, жардамын бербеди. Атанын уулу деген сендей болот, көпчүлүккө үлгүсүң балам.

Белиңди бекем буу, кайраттуу бол, куран окуп, дуба кылалы. Бейиштин төрүндө болсун. Керээздерин айтыптыр, "Алтынай апаң үйлөнгөнүңдө, жакшылыктарыңда ар дайым түбөлүк жаныңда болсун, тапшырдым сени, аманатымды айткыла, дагы сөздөрүм көп эле..." дептир. Укпай калып өкүндүм. Шоро-Башат айылынын тургундарына, урук-туугандарга, апабызга, бир туугандардын баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Керээз жүрөгүмдө болот. Ар дайым сени менен биргемин балам, Сагыным. Фирдаус төрүнөн орун берсин атабызга, Жаратканым", - деди Алтынай Нарбаева.

SUPER.KG порталынын жамааты Сагын Эргешовдун жана анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nara5
2022-01-03 11:56:28
Теле алып баруучу
-2
Zarema11
2022-01-03 14:16:17
Жаман иш болуптур. Атасынын жайы жаннатта болсун. Жакындарына Сабыр.
+3
bond02
2022-01-03 14:46:27
Алтынай Нарбаеваны алды беле бул киши?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан