Өлкөдө кара металлдарды ЕАЭБдин аймагынан тышкары экспорттоого 6 айлык тыюу салынды

Кыргыз өлкөсүнөн кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айлык тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.

"Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз өлкөсүнөн кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу белгиленген тартипте кабарлашы тийиш.

Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарлашы зарыл.

Мамлекеттик бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан