2-январь күнү Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
"Мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат.
"Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.
Эстафетаны кабыл алуу иш-чарасы концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2021-жылдын 18-декабрында С.Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Дүйшөмбү – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчилигинин кеңешчиси Медер Соорбеков катышкан. Жабылыш салтанаттын маданий программасына Тажикстандын чакыруусу менен ырчы Гүлзинат Суранчиева катышып келген.