Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин унаа сүзүп каза болду

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин унаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-январда саат 8:15тер чамасында болгон. Анда 41 жаштагы аял киши Тойота пробокс үлгүсүндөгү автоунаасы менен Шабдан баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, 35 жаштагы жөө адамды сүзүп алган. Ал адам ошол жерде көз жумган. Каза болгон жөө адам "Тазалык" ишканасынын кызматкери болгон. Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, айдоочу Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mr.ulan89
2022-01-04 11:26:54
Акырын айдагылачы акыркы 2 айда Тазалык кызматкеринен 3 киши каза болду алар деле бироонун балдары атасы алардын жумушу оор ТАн атпай кочо шыпырып Бишкектин тазалыгын карашат
+9
BISHKEK-312
2022-01-04 12:00:23
Өлгөн адамды да аял киши, же эркек киши деп жазып койгулада, адам деп койбой.
+3
Pchelka85
2022-01-04 12:03:48
Деги Тазалыктын кишилери машина сузуп эле кырылып калмай болду го... абайлап айдагыдачы..
+10
ErkinOkenovich
2022-01-04 13:38:27
Тазалыктын башчысы жакшы конул бурбайт окшойт, жумушчуларга атайын форма бериш керек эле да.жарыктыкта жалтырап козго чагылышчуу. Ошондо балким байкашат беле айдоочулар.аттин 3 адам курман болду жол тазалоодон.анттарын актап таз иштешчу эле.депуттаттар антип иштешсе Кыргызстан Япония болуп кетмек окшойт.каза болгон адамдын уй_булосуно жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам.ыйманы жолдош болсун.
+1
mr.ulan89
2022-01-04 16:58:47
ErkinOkenovich,форма кийип журушот жарык жалтырап жакшы эле корунот фарадан айдоочулар акырын айдаш керек
+3
Nina.alex
2022-01-04 18:03:01
ErkinOkenovich,Кийип журот форма. Айдорчулар уарабайт адырандашып
0
Datka7777
2022-01-04 15:59:29
Козго карап айдабайбы сволочтун катыны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан