Өлкөдө айрым телеканалдардын көрсөтүүлөрү токтотулганы боюнча маалыматтар жарыяланган. Бул боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
"Айрым ММКлар жана интернет басылмаларда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан телеканалдардын жабылышы тууралуу маалыматтар жарыяланууда", - деп бул маселе боюнча түшүндүрмө бере кетсек. Телеканалдардын эфирлерин текшерүү иштерининин жыйынтыгында, мыйзам бузуулар аныкталган жана телеберүүлөрдүн чагылдыруу боюнча уруксаты 2022-жылдын 20-мартына чейин токтотулган. Белгилүү болгондой, документ сот чечиминин же арыздын негизинде гана жокко чыгарылат. Мындан улам Маданият министрлиги телеканалдарды өчүрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Биз болгону телеканалдардын уруксаттарын убактылуу токтоттук. Мыйзам бузуулар жоюлса, аларга кайрадан эфирге чыгууга уруксат берилет. Белгилей кетсек, биз укуктук мамлекетпиз. Андыктан, ар бир жаран мыйзамдарды, анын ичинде “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамды сакташы керек. Учурдан пайдаланып, мыйзамды толук аткарууга чакырып кетебиз", - деп жазды ал.
Буга чейин министрлик ата мекендик өндүрүш боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн "8-канал", "РЕН ТВ", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салганын билдирген.