Мэрия унаа сүзүп каза болгон "Тазалыктын" кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берет

Мэрия унаа сүзүп каза болгон "Тазалыктын" кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев “Тазалык” ишканасынын жумушчусу каза болгон жерге барып, дем алыш күндөрү борбордук көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды болушунча азыраак чыгарып, атайын техниканы көбүрөөк тартуу тапшырмасын берген. Ошондой эле көчө тазалоо учурунда жолдорго атайын белгилерди коюп иштөө керектигин эскертип, жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Ал эми каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө резерв фондунан 50 миң сом бөлүп берүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Шабдан баатыр көчөсүн тазалап жаткан “Тазалыктын” жумушчусун унаа сүзүп, ал ошол жерден каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rusbayastan
2022-01-04 13:35:33
Ошондо омуру 50 сомдук болуп калдыбы
+8
alimbek94
2022-01-04 13:44:20
Бир адамдын өмүрү 50миң сом турса, анда өлкөбүз жөн эле мал баккан сарай экен.
+8
Bul-kim
2022-01-04 14:22:30
Айланайындар бул 50 мин сом мэрдин резервный фондунан, ал Эми жумуш учурунда Каза болгон кишиге "Тазалык" ишканасы эмгек кодекснин негизинде кенетме Толоп берет
0
nazira...
2022-01-04 17:52:03
Bul-kim,кенемтеси деле аз болот. Просто адам баласы ушу экенбиз да, өлсөк өлүп кете беребиз. Артында калгандары эмне болду, балким бир ушу адам иштеп багаттыр эле.
+1
Taku.14.02
2022-01-05 06:25:18
Адамдамдар мынча кок мээ болуп баратат. Жардам катары акча берсе да жамандап.. кыйын болсонор адамдын омуру кымбат деп олтурбай 1000.. же 100000 сом берип койчу чогутуп. Кок мээлер ар жагын кичине ойлонсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан