Кытайдын түштүгүндөгү жер көчкү 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жер көчкү Гуйчжоу провинциясында болгон. Окуя болгон жерден беш адам каза болуп, үчөө жарадар, ал эми дагы тогуз адам дайынсыз жоголгон. Азыркы учурда куткаруу иштерине миңден ашык адам тартылып, жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилген жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштери уланууда.