Москвадагы массалык мушташтан кийин 15 Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москва шаарындагы массалык мушташтан кийин бир нече Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бул окуя боюнча элчиликтин юристтери иш алып барууда.

"1-январда Москва шаарынын түштүк-чыгышында Кыргыз жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу 2-январда элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышты. Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда. РИИБге 15 Кыргыз жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен Кыргыз Республикасынын бир жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1-январда Москвада ондон ашуун Кыргыз жараны жана 3 Өзбек жаранынын катышуусунда мушташ орун алып, 3 адам бычактан оор жаракат алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан