1 айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Лаура Абдукаримова Бишкектен табылды


Жалал-Абадда дайынсыз болуп изделип жаткан 18 жаштагы Лаура Абдукаримова аман-эсен табылды. Ал Бишкек шаарынан табылганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 18 жаштагы Лаура 30-декабрь күнү Бишкек шаарында жүргөн жеринен табылып, ата-энесине жеткирилди.

Лаура Абдукаримова Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Ал 2021-жылдын 30-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынан өткөн Бишкек-Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп "азыр келем" деп сыртка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2022-01-04 20:04:46
Туй ата
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан