Алматынын түнү. Казакстан бийлиги митингчилерди күч менен таратуу аракетин көрүүдө

Казакстандын Мангыстау облусунда 2-январда башталган митинг өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. 4-январдын түнүндө ондогон шаар, аймактарда жашоочулар газдын, азык-түлүктүн кымбатташына нааразы болуп чыгышкан.

Чогулган тараптын саны улам көбөйүп, алар облустук, президенттик администрацияларга жакындаганда күч структуралары аларды таратуу чараларын колдонушту. Жергиликтүү айрым басылмалардын маалыматына ылайык, Алматыда полициянын бир нече унаасы күйдү. Алматы, Нур-Султан шаарларында топтолгон адамдарды таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газдар колдонулганы маалым болду.

Ал арада Актау шаарынан видео тарады. Анда митингчилер менен күч органдарынын кызматкерлери өтө жакын турушкан. Митингчилер аларды "азаматтар" деп сүрөп жатышканы видеодон көрүнөт. Ошол эле учурда тартип сакчылары митингчилерди таратуу аракетин көрүшкөн жок.

Түтүн, куралдын үнү, күч органдары жана эл. Алматынын түнү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2022-01-05 07:54:02
Казакстанда күч органдарын "шал" башкарчы беле.
0
nazira...
2022-01-05 07:58:36
Назарбаев жазган китебинин уландысын жазсын эми. Кыргызстандын президенттерин мен качыргамын деп катуу кетти эле, эми өзү качам дебесе да жүрөгү кармап атса керек уктабай кудайлап. Бир нерсе болсо эле границасын жаап кыргыздарга кыр көрсөтүп турчу эле, кудай таразалап жатат мынтип.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан