Өткөн суткада 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 4, Чүйдө 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Жалпы илдетти жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 6 миң 950нү түзөт.