Кыргыз-Казак чек ара тилкесинде абал курчуп кете турган болсо тийиштүү чара көрүлөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
"Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү COVID-19га байланыштуу колдонуудагы чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде ишке ашырылууда. Кыргыз жана казак тараптар тарабынан адамдардын, транспорт каражаттарынын жана товарларынын өтүүсүнө эч кандай кошумча чектөө киргизилген эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.