Бүгүн, 5-январда COVID-19дун 152 жаңы учуру катталды. Бул акыркы үч айга салыштырмалуу болжол менен 3-3,5 эсе көп. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, катталган учурлардын мындай саны лабораториядагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу топтолгон.
"31-декабрда, 1-2-январда лаборатория кызматкерлери эс алышты. Дүйшөмбүдөн тартып иштей башташты. Бүгүнкү маалыматтар – бир нече күндө топтолгон анализдердин жыйынтыгы", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.
Анын айтымында, азырынча оорунун кыйла өсүшү белгиленген жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги кырдаалды талдоодо. Кандай болгон шартта дагы жарандарга санитардык эрежелерди сактоо – бет кап тагынуу жана колду туура жуу сунушталат.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан тарта өлкө боюнча жалпы 185 миң 31 адам жабыркады.