Бүгүн, 13-июлда коңшу Казакстанда 3 миң 693 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Басылмалардын маалыматына караганда, акыркы суткада Нур-Султан шаарында эң көп илдет аныкталгандар катталган. Анда 978 адам аталган илдетти жуктуруп алган.
Алматы шаары – 535;
Шымкент шаары – 169;
Акмол облусу – 140;
Актөбө облусу – 36. Калгандары башка аймактардан катталган.
Ал эми 1770 жаран илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылган. Казакстанда жалпы COVID-19 илдетин 462 миң 417 адам жуктуруп алган.