Ошто Чил-Устун үңкүрүндө калган 4 адам куткарылды

Ошто аскада калган 4 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-январда Ош облусунун Араван районуна караштуу А.Анаров айыл аймагындагы 1100 метр бийиктиктеги Чил-Устун үңкүрүнө 4 киши чыгып, кайра түшө албай калганы кабарланган.

Куткаруучулар барган учурда 3 адам (1993-жылы туулан Т уулу К., 1993-жылы туулган А.Р., 1993-жылы туулган А.О.) өз алдынча түшүп, ал эми 1993-жылы туулган Т уулу Н. аттуу жаран үңкүрдөн чыга албай калган. Ал адамды куткаруучулар коопсуз жайга алып түшүп, туугандарына өткөрүп беришкен. Учурда абалдары туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан