Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин Талантбек Иманов аткарат

Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Талантбек Иманов талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан