Алматы шаарындагы аэропортто Кыргыз жарандары дагы бар. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшөмбиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, элчилик Кыргыз жарандары менен тынымсыз байланышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Казакстандын түндүк аймагындагы жаңжалдарда жабыркаган Кыргыз жарандары жок. Ал эми өлкөнүн түндүк аймагын Алматыдагы башкы элчилик көзөмөлдөөдө. Ошондой эле ал Алматы шаарындагы аэропортто Кыргыз жарандары дагы бардыгын, айрымдары менен байланышканын, учурда алардын санын тактоо иштери жүрүп жатканын жазган.
Буга чейин социалдык тармактарда Алматы шаарындагы эл аралык аэропорттун талкаланган абалдагы видеосу жарыяланды.