Казакстан. Нан, күйүүчү май жана акчаны алуу үчүн кезек күткөндөрдүн жоон тобу (сүрөт)
Казакстандын айрым аймактарында абал дагы деле курч бойдон калууда. Ал эми Алматы шаарында коменданттык саат киргизилип, жашоочуларга көчөгө чыгууга тыюу салынды.
Көпчүлүк аймактарда май куюучу жайларда, банкоматтарда, азык-түлүк дүкөндөрүндө (өзгөчө нанга) кезек күткөндөрдүн жоон тобу жаралды.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.