Казакстандагы кырдаал курчугандан бери Кыргыз өлкөсүнө кирген Казак жарандарынын саны кескин өстү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөдөгү кыйын кырдаалда кыргыз тарап көмөк көрсөтүүнүн бардык аракетин көрүүдө. Мисал катары чек араны жаппай, тескерисинче жарандардын бат өтүүсүнө шарттар түзүлгөнүн айтты. "Мурда бизге күнүнө 50-60 Казак жараны чек арадан кирип жүрсө, азыр күнүнө 2 миңдей Казак жараны кирүүдө. Кыргыз-Казак чек арасындагы 7 өткөрүү пункттарынын азыр бешөө иштеп жатат. Экөөсүн казак тарап бир тараптуу жапкан", - деди Ташиев.