Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда эл өкүлдөрү Казакстанга аскерлерди жөнөтүү боюнча талкуу жүргүзүштү.
Бирок талкуу маалында көпчүлүк депутаттардын сунушу менен жыйын жабык өтмөй болду.
Буга чейин жыйын Жогорку Кеңеште түз эфир аркылуу чагылдырылып жаткан.