Нуржигит Кадырбеков Камчыбек Ташиевдин "Кадырбеков унду желкесине көтөрүп келеби?" деген сөзүнө жооп берди

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселесин карап жатат.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков депутаттар чечим кабыл ала турган болсо, Конституцияга ылайык келбей тургандыгын айткан.

Буга УКМК башчысы Камчыбек Ташиев чек арадагы посттор жабылып жатканын, бардыгы жабылса ундун, күйүүчү майдын баасы кымбаттаарын айткан.

"Азыр 7 посттун төртөө жабылды. Эртең бардыгы жабылса, унду Кадырбеков желкесине ташып келип береби?", - деген Камчыбек Ташиев.

Жыйында Нуржигит Кадырбеков бул боюнча пикирин айтты. Депутаттын айтымында, Кыргыз өлкөсү кыйын абалга келген учурда Казакстан дагы чек арасын жапкан.

"Камчыбек Кыдыршаевич, абдан маанилүү маалымат бердиңиз, чек аралардын жабылышы боюнча. Эми өткөн күнгө кайрылбайын дедим эле, Казакстан мындан дагы кыйын учурда чек арасын жапкан. Бизге ошол учурда ун керек болчу, азыр Кудайга шүгүр, өзүбүздү-өзүбүз бага алабыз. Чек араны жапканда деле биз жашап кеткенбиз.

Биз аскерлерди жөнөтсөк, Казакстан чек арасын ачат деген кепилдик барбы? Биз өз пикирибизди айтсак, пиар же саясий упай деп жатасыз. Жан дүйнөбүзгө, жүрөгүбүзгө кирип чыкпагандан кийин мындай пикир туура эмес. Мен сизди сыйлайм, өзүңүздүн ишиңизди аткарып жатасыз. Бирок биз дагы пикирибизди айталы. Аша чаап кетсем бардыгыңыздардан кечирим сурайм", - деди Нуржигит Кадырбеков.

Буга Камчыбек Ташиев жооп берди.

“Урматтуу Нуржигит Кадырбекович, кечирип коюңуз. Сиз биринчи жолу депутат болуп келдиңиз. Мен сизден айырмаланып, тажрыйбалуу саясатчы катары ким эмнени айтып жатканын жакшы билем", - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Antiradikal18
2022-01-07 12:49:57
Доопарасты ордуна коюп коюптур.
-7
Arzybekkg
2022-01-07 12:52:02
Ай Камчыке Камчыке.. Сиз оорубай эле больницада аскер жонотууну ойлонуп жаткан ошойсуз? Эмнеге Тажиктер бастырып киргенде аскердик техника аскер жонотовуз деп ушинтип которуп чыккан жоксуз? Же эмне Баткенден да Токаевдин бийлиги ушунчалып Жапаров экоонорго маанилуубу?
+15
rahat73.
2022-01-07 13:05:30
Нуржигитин оюу туура казак бизди келекелеп жатканда эмне сүйлөбөй олтурдунар
+14
al79mi
2022-01-07 13:06:51
Казакстан качан кыргызга жакшылык кылды эле?! Бизде митинг башталар менен чек арасын жаба калат! Ун табылат, бензин табылат эр азаматтар, омур табылбайт! Гуманитардык жардам колдон келишинче бере берсин. Аскер жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок. Ички маселесин оздору чечет.
+12
Zarema11
2022-01-07 13:10:27
Накта кыска ой го бул киши. Кыргыз кек сактабаган айкөл элдин урпагы. Анан ундун майдын эң негизги азыктарды силерге окшогон жеп жутарлар чимкириктер баасын көтөрөт чек арага шылтоолойт.Кресло талашкандар жана алардын жугундуларынын чырагына май тамган учуру сырттан караап эмне ойго келет дешип.
-8
alimbek94
2022-01-07 13:12:00
Ушул келесо дааватчы жана жасалма ыйманчыл Нуржигитти элдин эртени деле кызыктырбайт. Эптеп амалкой, куулук менен адашып келип алган.
-23
Usmanbekali
2022-01-07 15:01:49
alimbek94,Ушул теңирчини жоготкулачы банга тыгып,мээсине эшек тепкен немедей ой жүгүртүүсү
+7
Ela93
2022-01-07 13:16:09
Эээээнннннуууууурайнннннн ынтымак деген нерсе жок, бирине бирин кыр корсотуп журобергиле. Баарын эле акылдуу. Бул кундор да отот коробуз ошондогу абалынарды! Бири биринерди сыйлап, колдоп туруп чечим чыгарбайсынарбы? Гауриктер
0
Jaka1978
2022-01-07 13:37:43
Армия барбай эле койсун,жалпы эл сурансын, бирөөнүн көз мончоктой уулдары... Ким гарантия берет
+10
Zynk
2022-01-07 14:21:30
Нуржигит байке жаны келди да политикага ,копту тушунгучо али коп болот го!
-5
Gulina00
2022-01-07 14:29:19
Жаны келседа оюу туура казак дайыма кысып келген бизди кеткен жоокерлер,сак аман келишине кепилдик бере алышабы аларда бироонун ай мончооктой уулдарыда.
+11
Nurila02
2022-01-07 16:05:01
Жөнөтпөө керек аскерлерди. Бул нерсеге баарыбыз каршы чыгышыбыз керек!
+4
nargiz-sa
2022-01-07 17:17:20
Ташиев мн Садыр мамлекеттик кызматтын этикасын такыр билбейт да, буларга кызматтык этика боюнча сабак өтүш керек
+2
Mister-XXX
2022-01-07 18:23:57
nargiz-sa,Ооба,сен барып отуп келсен.Тиги антирадикал,алимбек,фернандо торрес дегендерди ээрчттип ал.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан