Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында киши колдуу каза болгон 26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Анда Аламүдүн райондук соту 29 жаштагы О.у.А. менен 32 жаштагы К.у.Ч.ны күнөөлүү деп тапты.
Сот 29 жаштагы айыпталуучуну 17 жылга, 32 жаштагы жаранды 15 жылга эркинен ажыратты.
Эске салсак, 2020-жылдын 26-сентябрында Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылынан 26 жаштагы кызды өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен. Анда 26-сентябрь күнү болжол менен түнкү саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.
Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.