Президенттик администрация: "Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт"

Жогорку Кеңеш ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

5-январда казак тарап ЖККУнун катчылыгына уюмдун жоболоруна жана юридикалык милдеттенмелерине ылайык, Казакстан Республикасына тиешелүү аскердик контингенттерди жөнөтүү аркылуу тараптардын жардам көрсөтүүсүн тез арада уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган.

Президент Садыр Жапаров 6-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана Казакстан Республикасына ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин кароо сунушу менен кайрылган.

"Конституциянын жоболоруна ылайык, Жогорку Кеңеш Казакстан Республикасынын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.

Кыргыз мамлекетинин тынчтык орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого тартылат. Аны менен бирге алар Казакстан Республикасындагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
senchi
2022-01-07 14:56:23
Концерт койгону барышат кандай тушунбойсунор.
+1
senchi
2022-01-07 15:02:58
Кыргыз туугандар келип атып кетишкен дейтко омур бойу. Кайсыл мамлекеттен аскерлер келсе ошолордун баарын жек коруп калышат Казак туугандар, бул жерде бирин-бири жек корсотуу болуп жатат Американын каалосу боюнча.
0
KaGaH
2022-01-07 16:00:05
senchi, Россия.Америка эмес
0
Gold81
2022-01-07 15:18:06
Чек арабызга бастырып кирип тополон кылгын тажиктерди аталбайт анан казактарга барып аларды атат дейсинерби?! Атышуу болбойт жон гана кой ай дегени жоноп жатышат. Кудай сактасын боодо олумдон тынч аман барып келишсин!!!
+3
Dalil
2022-01-07 16:15:08
Gold81, кой айына көнбөй жатканы үчүн чакырып жатышат да жардамга. Өздөрүнүн күч органдарын аябаган биздикилер кой ай десе казактар коюп калат дегени турасынарбы ошондо? Негизи барбай койгону туура өздөрүнүн ич ара маселесин өздөрү чечкен туура. Токаев кандай жол менен болбосун бийлигин сактап калууга аракет кылып жатат. Биздин бийликти ун менен бензин бербей коёбуз деп коркутуп жатышат да. Баткенде тополондо барбаган аскерлердин казактарга барышына каршымын
+2
Fernando_Torres
2022-01-07 16:51:56
Талибан эмес ушул бандит фашисттер менен күрөшкуло Талибан мусульман өлкөсү
-3
bond02
2022-01-07 17:08:03
Биздикилер конгон адат боюнча барып эле соода борборлорду тоноп киришсе эле, кыскасы уят болуп келишпесе да.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан