"Ош" эл аралык аэропортунда коюу туман каптап каттамдар кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-январда саат 08:00дөн тарта коюу туман каптоодо.
"Аба ырайынын бузулушунан улам ички жана эл аралык каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
"Манас" - 0 312 69 31 09 жана "Ош" - 0 3222 90 101. Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз! Биз үчүн коопсуздук баарынан артык", - деп жазылат маалыматта.