Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 7-январда президент Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, республиканын бардык аймактарынан ата-энелеринин балдарын мектепте багууга жана окутууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок 201 бала зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздалды.

Ар бир мектеп окуучусу рюкзак, костюм, 2 даанадан шым же юбка, свитер, 3 көйнөк, 3 футболка, куртка, өтүк, моюн орогуч, мээлей, баш кийим, өнүктүрүүчү окуу китептери жана кеңсе буюмдарын алышат.

Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 201 баласына жардам көрсөтүү үчүн Мамлекет башчынын резервдик фондунан 5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары президенттин атынан балдарга белектерди өз убагында жеткирүү жана тапшырууга жооптуу болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2022-01-08 06:14:59
Аллахым ыраазы болсун Садыр Нургожоевич сизге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан