Бүгүн, 7-январда Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кайрадан кайрылуу жасады. Видеокайрылуу ЖМК аркылуу тарап жатат. Анда айтылган урунттуу учурларды тизмектөөнү эп көрдүк.
* Бүт аймакка мыйзамдуулук орнотулду. Бирок террористтер менчик жана мамлекеттик мүлктөргө кол салып, жарандарга карата курал колдонууда.
* Укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз түрдө ок атууга буйрук бердим.
* Чет элден бирдиктүү, ынтымактуу чечимге келгиле деген кеңештерди берип жатышат. Кандай келесоолук!? Кылмышкерлер менен кантип сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт? Бизге куралданган, даярдыктан өткөн бандиттер менен кармашууга туура келди. Ооба, бандиттер жана террористтер. Ошондуктан аларды жок кылуу керек. Бул жакынкы убакта ишке ашат.
* Армениянын премьер-министрине, Беларустун, Кыргызстан, Тажикстандын президенттерине чын ыкыласымдан ыраазычылык билдирем.
* Өзгөчө Орусиянын президенти Владимир Путинге ыраазычылык айтам.
* Алматыда бандит, террористтердин колунан административдик имараттар гана эмес, тынч жашаган калктын да менчик мүлктөрү талкаланды. А жүздөгөн жарандар менен аскерлердин саламаттыгына келтирилген зыяндарчы?
* Каза болгондордун үй-бүлө, жакындарына чын жүрөгүмдөн көңүл айтам.
* Биздин тарыхтагы бул кара туманды биз ыкчамдык менен басып өтөрөбүзгө шегим жок. Башкысы келечекте кайрадан ага жол бербөө керек.
* Менин тапшырмам менен бандиттерди жана террористтерди таап, кармаганга түзүмдөр аралык комиссия түзүлдү. Алар күчөтүлгөн тартиптеги кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганына жарандарды ишендирип кетем.
* Алматынын өзүнө эле 20 миңдей бандит кол салды. Алардын акциясы аскердик, административдик, социалдык мекемелерге карата түзүлгөн так планы бар экенин көрсөттү. Алар өтө мыкаачылык менен даярданышкан.
* Эми жакшы жаңылык. Өлкөнүн айрым аймактарында интернет иштеп баштады. Бирок бул каалагандай - туура эмес, чагымчылдык, кимдир бирөөнү басынткан жана коомду адаштырган маалыматтарды таратууга болот дегенди билдирбейт. Мындай маалыматтарды тараткандар табылса авторлоруна карата чара көрүлөт.
* Террористтерге каршы операция уланууда. Алар дагы деле куралдарын тапшырбай жатат, кылмышты жасоого аракет көрүүдө же ага даярданып жатат. Алар менен күрөшүүнү аягына чыгаруу керек. Ким баш ийбесе жок кылынат.