Казакстандын Актау шаарынын аэропорту бүгүн, 8-январдан тарта каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, авиакомпаниялар жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөн баштап бардык багыттар боюнча каттамдарды аткарууну пландап жатышат.
Эскерте кетсек, жылдын алгачкы күндөрүндө Казакстанды каптаган массалык нааразычылык акцияларынан жана баш аламандыктардан улам Актау, Алма-Ата жана Актөбө аэропорттору убактылуу жабылган.