Бишкек мэриясы Казакстандын 32 жаранын "Достук" мейманканасына жайгаштырды

Бүгүн, 8-январга караган түнү "Манас" аэропортуна Казакстандын 32 жараны келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия коңшу өлкөнүн жарандарын "Достук" мейманканасына жайгаштырды.

"Казакстандык коноктордун мейманканалардагы төлөмү мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Ошондой эле "Манас" аэропортунда мэриянын нөөмөтчү автобустары иштеп жатат.

Казакстандын элчилиги менен макулдашуу боюнча бардык коопсуздук чараларын сактоо менен Казак жарандарын уюшкан түрдө тосуп алуу жана "Ак-Жол" өткөрмө бекетине жеткирүү иштери да жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjura
2022-01-08 13:44:53
Акчалуулары,бийликте танышы барлары акырын келдида.Карапайым казактар,газдын баасына,кымбаттчылыкка каршы чыккандар ,,ТЕРРОРИСТ" атка конуп,өз келечеги үчүн жанында курмандыкка чалып канкор бийлик менен күрөшүп жүрөт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан