Казакстанда кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары барбы? ТИМдин жообу

Казакстанда орун алган баш аламандыкта ИИМ тарабынан кармалгандардын арасында коңшу өлкөнүн жарандары да бар экендиги айтылды.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

"Казакстанда орун алган окуяда кармалгандардын арасында Кырыз жарандары бар же жогу боюнча тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2022-01-08 13:10:08
Тактап журуп олуп кете турган болдунар го.
+10
Noon
2022-01-08 14:58:23
Бок жегени барасынарбы анан башка элдин урушуна?
+2
Sajakat14
2022-01-08 16:35:42
Калп эле маалымат деп ойлойм. Террористтер көчөдө жүргөндөй көрүнүш үчүн түрмөдөгүлөрдү колдонушуптур. Кишинин башын видеого тартып элди коркутушуп. Алар мородёрлук дагы жазашкан. Кошуна жарандары дагы бар болчу деп калп эле жалаа жаап жатышат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан