Бишкек мэриясы Казакстандын жарандарына жардам берүүдө ыктыярчыларды биргеликте иш алып барууга чакырат

Бишкек шаарында Казакстандын жарандарына жардам берүү штабы иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев шаардык штабдын иш-чаралар планын бекитип, шаардын бир нече акимчилиги жана кызматтары элчилик менен координациялуу иш алып барып жатышат.

"Учурда "Манас" эл аралык аэропортунда нөөмөттүк автобустар бардык коопсуздук чараларын колдонуу менен иш алып барууда. Керектүү учурда жарандар мейманканаларга жайгаштырылат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ошондой эле шаардык мэрия ыктыярчыларды иш-аракеттерди биргеликте жүргүзүүгө чакырат. Ал үчүн 0555 988 866 мэриянын аппарат жетекчиси Исаков Миргазы Маратович менен байланышса же Чүй кең көчөсү 166 дареги боюнча келүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан