Бишкекте Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында митинг өтүп жатат. Митингге өнөр өкүлдөрү, активисттер дагы катышууда.
Алар казак бийлиги манипуляциялык маалымат саясатынан алыс болуп, такталган гана маалыматтарды таратуу талабы менен чыгышкан.
"Викрам Рузахуновду чыгарып, кыргыз элинен кечирим сурасын. Манипуляция кылышпасын" деди митингдин катышуучуларынын бири.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.