Бишкектин четинде жол кырсыгы катталып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-январда саат 20:00дө Алма-Ата–Бишкек-Ташкент жолунун 233-чакырымында Дордой-2 конушунун тушунда кебетеси азиялык, болжол менен жашы 40-45 жаштардагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен аял окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда ички иштер органдары аты-жөнүн тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Белгилери: Бою болжол менен 160-165 сантиметр, чачы кыска, кара.
Кийген кийимдери: Кызыл күрмө, боз түстөгү шым, күрөң бут кийим. Жанында көлөч жана күрмө салынган баштыгы болгон.
Көрсөтүлгөн аялды кийими боюнча аныктап, Чүй облусунун ички иштер органдарына маалымдаса болот. Байланыш телефондору: 0312 43 01 27, 0312 36 35 27, 0555-555-229, 0708-555-229 же 102.