Казакстанда убактылуу жүргөн Кыргыз жарандарынын Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган фактылар боюнча кыргыз коомчулугунун тынчсыздануусуна УКМК билдирүү таратты. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Ага ылайык, кармалган Викрам Рузахунов жана ушундай кырдаалга туш болгон башка мекендештерибиз Казакстандагы окуяларды козгогон күчтөрдүн пландарынын бир бөлүгүнүн кезектеги курмандыктары болууда.
"Учурда Казакстанда стабилдүүлүктү эртерээк калыбына келтирүү шартында Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнүн ортосунда аймактык коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган зарыл болгон эки тараптуу байланыштар жүргүзүлүүдө. Мурдагыдай эле учурдагы кырдаалды эске алуу менен практикалык жана маалыматтык өз ара аракеттенүү уланууда.
Казакстандын компетенттүү органдары объективдүүлүктү камсыз кылат деп ишенет. Себеби басымдуу көпчүлүгү соода жана тейлөө тармагында иштеген Кыргыз жарандары кокусунан көчөдө калып, кармалып калышы мүмкүн.
Эки тараптуу каналдар аркылуу Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнө Кыргыз жарандарынын Казакстандагы баш аламандыктарга жана талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок экендиги маалымдалды.
«Жапайы Арман» каймана аты бар криминалдык «авторитеттин» негизсиз билдирүүлөрүнөн келип чыккан, андан кийин өзгөчө ушундай оор мезгилде боордош кыргыз-казак күчтөрүнүн ортосуна жик салууга кызыкдар болгондор тарабынан кабыл алынганы Казакстандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жакшы даярдалган маалыматтык чабуулдун уландысы жана баш аламандык аймагын кеңейтүүгө багытталган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле өз кезегинде УКМК жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар ар дайым боордоштор менен биргелешкен чараларды көрүүгө даяр жана казак бийлиги муну объективдүү чечип, кызыкдар күчтөр тарабынан кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенет.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.