Бүгүн, 9-январда Тышкы иштер министрлигине Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев чакырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевге Кыргыз жараны Викрам Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Ошондой эле Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.
Өз кезегинде Казакстандын элчиси кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады.
Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.
"Мындан сырткары тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстандын кыргыздагы элчиси Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаранга байланышкан кырдаал боюнча кыргыз тарабынын өтө тынчсыздануусун билдирди. Ниязалиев казак тарабын Казакстандагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды.
Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору В.Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анын жүрүшүндө бардык жагдайларды тактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аталган жаранды тезинен бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлөөрүнө ишендирди", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.