Казакстандагы кыргыз аскерлери маанилүү стратегиялык объектини кайтарууга алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстанга жөнөтүлгөн тынчтык орнотуучу кыргыз аскерлери Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышууда.
"ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тынчтык орнотуу күчтөрүнүн азыркы учурдагы негизги милдети – Казакстандын өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болуп саналат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Кыргыз аскерлери Казакстанга 7-январда жөнөтүлгөн.