Мекенине кайтып келген музыкант Викрам Рузахунов журналисттердин суроолоруна жооп берип, кантип кармалып калганын айтып берди.
"Мен 2-январь күнү Алматыга досумдун чакыруусу менен баргам. 4-январда Казакстан өлкөсүндө митинг башталды. Досум мени үйдөн чыкпай туруумду суранды. Мен 3 күн үйдөн чыккан жокмун. Интернет өчтү, азык-түлүк саткан дүкөндөр жабылды. Мындан улам мен өз үйүмө кетүүгө аракет көрдүм. 7-январда Алматы-Бишкек жолундагы Самсы деген айылда аскер кызматкерлери кармап, мени убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Ал жактан бизге ысык чай, тамак-аш берип жатты. Мен кыргыз элинин уулу болгонума сыймыктанам. УКМКга, ИИМге, ТИМге абдан ыраазымын. Мен эки элдин достугу дагы да уланышын каалайм, анткени азыр ал жакта абал оор болуп турат", - деди Викрам Рузахунов.