Мекенине кайтып келген музыкант Викрам Рузахунов ага эч кандай кыйноолор болбогонун айтты. Ал бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Мен акча алып митингге келдим деп тараган видео боюнча айта турган болсом, мындай нерсени камерада отургандардан угуп анан жасадым. Анткени ушундай кайрылуу жасап, акча үчүн митингге келгенимди айта турган болсом, ошол жерден өлкөгө кайтарышарын айтышты. Анан ушундай кадамга бардым. Мени эч ким кыйноого алган жок.
Ал эми бетимдеги көк ала тактар 7-январда аскер кызматкерлери кармоо учурунда болду", - деди Рузахунов.