Казакстандын чек ара кызматы тополоңго катышкан деген шек менен 366 адамды кармады

Казакстандын чек ара кызматы тополоңго катышкан деген шек менен 366 адамды кармады. Бул тууралуу Казакстандын Коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Чек ара кызматынын аймактык бөлүмдөрү терроризмге каршы операциянын жүрүшүндө коомго каршы акцияларга катышкан деген шек менен 366 адамды кармашкан, анын ичинен алтоо каршылык көрсөтүп жатып жаракат алды", - деп айтылат маалыматта.

Коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, кармоо учурунда 30 курал, 245 ок дары жана төрт ок өтпөс жилет алынган. Ошондой эле кармалгандардын унаалары (29), диний адабияттар жана мыйзамсыз митингдерди өткөрүүнүн тартиби боюнча колдонмолор табылганы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан