Казакстандагы кырдаал: Касым-Жомарт Токаев премьер-министрлик кызматка Алихан Смаиловду сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министрлик кызматка учурдагы убактылуу өкмөт башчы Алихан Смаиловдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министрлик кызматын аткарып жатат. Ал буга чейин премьер-министрдин биринчи орун басары болчу.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2022-01-11 11:23:45
Орун алмашканы менен сумма озгорбоптур. Казак туугандар сабыр кылгыла. Токаевди кетиришинер керек эле ошондо кичине хоть 5%озгоруу болмок. Кылган мээнетинер текке кеттип и то террорист болуп чыга келдинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан