Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Украинанын Кыргыз жергесиндеги элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Шаардык мэриядан маалымдашкандай, тараптар кызматташтыкты талкуулашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек мэриясы менен Киев шаардык мамлекеттик администрациясынын ортосундагы тажрыйба алмашуу, кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Украина менен, атап айтканда, боордош шаарлар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Бишкек жана Киев шаарларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелер түзүлүп, 1997 жана 2001-жылдары кызматташууну кеңейтүү максатында келишимге кол коюлган.