Өзбекстанда Казакстандагы баш аламандыкты чагылдырууга аракет кылган айрым журналисттер жана блогерлер укук коргоо органдарына чакырылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын атайын кызматынан атайын буйрук берилген. Анда массалык маалымат өкүлдөрүнө, блогерлерге митинг темасында аз жазууну, видеолорду таратпоону жана митингдерге чакырбоону талап кылышкан.
Атын атабоону суранган блогер басылмалардын бирине тыюу Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынан түшүп жатканын айткан.
"Бизде кырдаалды дагы курчутуп жибербөө үчүн Казакстандан келген видео жана аудиолорду жайгаштырууга тыюу салышууда. Бул бейрасмий буйрук! Мен өз каналыма Казакстандагы талоончулук боюнча 2-3 видеоролик жайгаштыргам. Кийин мага Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинен чалышып, бул видеороликтерди өчүрүүнү жана мындан ары жайгаштырбоону айтышты", - деген өзбек блогери.
Ошондой эле бир катар активисттер Казакстандагы окуялар жөнүндө жазылган посттор жана комментарийлер үчүн анонимдүү профилдерден коркутуп, үркүтүүлөр болгонун айтышкан.
Мындан сырткары маалыматта Өзбекстандагы борбордук басылмалар, радио жана телеканалдар дагы Казакстандагы башаламандыктар жөнүндө чектелүү гана маалыматтарды берип жатышканы айтылат.