Акылбек Жапаров каналдарды тазалоо иштерин 8-мартка чейин жыйынтыктоону тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө республика аймагындагы ирригациялык тармактарды жана каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча конкреттүү иш пландар талкууланды.

"Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштерди үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин жыйынтыктоо зарыл, ошол эле учурда ар бир акимдин Айыл чарба министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттүү иш-планы болууга тийиш", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилесек, эпидемиологиялык абалга байланыштуу кеңешме президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – район акимдеринин катышуусунда видеоконференцбайланыш режиминде өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан