Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай жагдайда министр болуп дайындалганын “Новые лица” ютуб каналына берген маегинде айтып берген.
Анда президент Садыр Жапаров менен көптөн бери тааныштыгын, 12 жыл мурун эле шайлоо алдында министр же депутат болосуң деп убада бергенин эскерген.
“2010-жылкы парламенттик шайлоодо Садыр Жапаров мага “Ата-Журт” партиясынан талапкер болууну сунуштаган. Ошондо мага “мен сага убада берем, сен депутат же саламаттыкты сактоо министри болосуң” деп айткан. Чынын айтсам мен анда ишенген эмесмин, шайлоого да барган жокмун. 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен даярданып жатканда мага “Сен депутат болуп өзүңдүн тармагыңды, медицина менен алектенесиң же министр болосуң” деди. Ошондон кийин сүйлөшкөн эмеспиз. Садыр Нуркожоевич бийликке келгенде мага министр болосуң деп айткан эмес. Ал мага жардамчысы аркылуу “жакшылап кийинип алып келсин” деп айттырып жибериптир. Мен министр болуп дайындалганымды резиденцияга барып анан билдим”, - деген Бейшеналиев.