Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министрин быйыл Кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтарарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Министрлер кабинетинин башчысы Казакстандын премьер-министрин 2022-жылы Кыргыз мамлекетине расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров Алихан Смаиловго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2022-01-11 19:11:15
Пахтакор, подхалимдер.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан