Ош облусунун аймагында айдоочуларга жаңы кабыл алынган кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында айдоочуларга 2021-жылдын 1-декабрынан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Ош ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун аймагында айрыкча жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу багытында айдоочулар арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.
Иш-чаранын негизги максаты жүргүнчүлөрдү ташуучу унаанын айдоочуларынын жоопкерчилиги, оор жүк ташыган айдоочулардын ашыкча салмактагы жүк ташуудагы кооптуу жагдайды жаратарын, ошондуктан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жоопкерчилигин эске салуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп турмакчы", - деп жазылат маалыматта.