Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын окуясы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган. Каза болгон жаран 1983-жылы туулган А.К. Бул факты маалыматтык журналга каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын окуясы боюнча иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн Бишкек шаардык мэриясынан билдирген.