Ошто мурда милиция кызматында иштеп кеткен жаран мени зордуктады деген кыздын иши боюнча тергөө учурунда кыздын зордукталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
"Бул кыздын ушул өңдүү иш боюнча Ош жана Бишкек шаарында бир нече жарандын үстүнөн арыз менен кайрылгандыгы аныкталды. Мындан тышкары, ал өзүн укук коргоо органдарында иштейм деп жалган маалымат таратып жүргөндүгү белгилүү болду. Ага соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында анын акыл-эси жайында, бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн окуяны бурмалап, оюнан чыгарып айта тургандыгы көрсөтүлгөн", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.
Буга байланыштуу жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кыз өзү кармалды. Ал милициянын лейтенанты болом деп элди алдап келген. Ал интернет тармагына фото-видео кайрылууларын жүктөп жүргөн, Сузак районунун тургуну 19 жаштагы Х. кызы К. экендиги аныкталган.
Х. кызы К. бир нече ирет пайда табуу ниетинде милицияга тигил же бул адамдарды оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен кайрылган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен арызындагы жагдайлар өз ордун таппай, кылмыштын курамы жок болуп өндүрүштөн кыскартылгандыгына байланыштуу анын аракеттерине туура укуктук баа берүү максатында жыйналган материалдар, 2022-жылдын 3-январында Ош шаардык ИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
2022-жылдын 6-январында Х. кызы К.га карата жалган билдирүү жасагандыгы үчүн чара көрүү жөнүндөгү арыз түшкөндүктөн 2022-жылдын 8-январында жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү кызды сурак учурунда ага карата жеке тинтүү жүргүзүлгөн жана укук коргоо органынын атайын формасын кийген сүрөтү жабыштырылган жасалма күбөлүк алынган.
Ошондой эле 2022-жылдын 2-январында Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө Т.Ш. аттуу жаран дагы арыз менен кайрылып, ал Адыл Акжол уулу аттуу блогер тарабынан “19 жашымда милиция алдап эметти. Бир милиция жардам берем деп 3 жолу эметти, качып кетти. Сот сатылды”, - деген аталыштагы материал чыгаргандыгын, анда Х. кызы К. жалган жалаа жаап, чара көрүүнү суранганын айтып арыз менен кайрылган.
Мындан тышкары ал видеодогу кыздын билдирүүсү бир катар социалдык желелерге тарап, кызуу талкууну жараткан болчу.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айында кыз түнкү клубда мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен адам менен таанышып, андан кийин экөө мейманканага баргандыгы кабарланган. Кыздын айтымында, ал анын эркине каршы зордуктаган.
Андан кийин жалган маалымат бергендиги үчүн зордукталды делген кыздын өзү кармалгандыгын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген.