"Мен башкаруучу бийликтин нотариусу болгум келбейт". Жаныбек Асанбеков шайлоого катышуудан баш тартты

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Жаныбек Асанбеков шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазды.

"Мен башкаруучу бийликтин нотариусу болгум келбейт. Мен Бишкек шаардык кеңешинин социалдык блогунун комиссиясынын төрагасы катары билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана башка тармактарда баштаган ишимди аягына чыгаргым келет. Жалпысынан Бишкек шаардык кеңешинде мен бир топ пайдалуу болом", - деп жазат Жаныбек Асанбеков.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектин эки округунда баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген. Буга байланыштуу аталган эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2022-01-12 19:37:10
Вой тим эле барса эле женип туз ЖК кирип барчуудай суйлоптур го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан