Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Талас облусуна барды. Ал иш сапарын "Манас Ордо" комплексине баруу менен баштаганын министрлер кабинетинен маалымдашат.
"2 күндүк жумушчу сапарда Эдил Байсалов аймактардагы социалдык-маданий объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле ишкана, мекемелердин жумушчулары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулайт", - деп айтылат билдирүүдө.